Биз социалдык тармакта

Бишкек-Торугарт унаа жолунан жансыз дене табылды. Милиция маркумдун аты-жөнүн тактоого жардам сурайт (абайлаңыз, сүрөт)

Бишкек-Торугарт унаа жолунун Ысык-Ата районундагы аймагынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 50-55 жаштардагы азиат түспөлүндөгү адамдын денеси ушул жылдын 8-июнь күнү табылган. Милиция анын аты-жөнүн тактоо үчүн коомчулукка кайрылууда.

Белгилери: бою - 165-170 сантиметр. Боз түстөгү футболка, кара көк түстөгү спорттук костюм-шым, көк түстөгү жайкы бут кийим кийип жүргөн.

Маркум тууралуу маалымат билгендер же аны тааныгандар Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнө же 0(312) 61 69 07, 0(550) 10 05 51 номерлерине же "102" кызматына кабарлап коюуну милиция коомчулуктан өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Atas
2018-06-18 20:54:11
Жаман болуптур ушу моргторду таза кармасанар боло носилканын кири кантет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан