Биз социалдык тармакта

Премьер-министр Баткен облусундагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты

Бүгүн, 18-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кайрагач жана Кулунду айылдарындагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөр үчүн тиешелүү шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи. "Жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүү биз үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө байланыштуу маселелерди ыкчам тартипте чечүү зарыл", - деди Абылгазиев.

Премьер-министр жергиликтүү бийлик жетекчилерине дыйкандарга туруктуу негизде максималдуу жардам көрсөтүүнү, анын ичинде "Айыл чарбасын каржылоо-6" долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыяларды алууда консультациялык кызмат көрсөтүүнү тапшырды. Ошондой эле Абылгазиев өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаевге жазгы талаа иштеринин жүрүшүн тиешелүү деңгээлде көзөмөлдөөнү тапшырды.

Жергиликтүү фермерлер консервалык цехти жана логистикалык борборду ачуу маселесин көтөрүп чыгышты.

Премьер-министр бул маселелер баскыч-баскычы менен чечилерин белгиледи. "Өз кезегинде ата мекендик өндүрүүчүлөр тиешелүү стандарттарды кармануу менен ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукцияларды экспорттоого басым жасоолору керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Tansuluu09
2018-06-18 20:33:22
Пример министрге эми жаз келиптирби?
+6
senchi
2018-06-18 20:41:44
Tansuluu09,хаха менда эми ошону айтайын дегем
+3
nazarKGZ
2018-06-18 20:53:31
Бир жолу кышындасы барбаптырда
+2
Aisle
2018-06-18 21:20:32
качан кететкен анан.тезле кетсекен
-1
Nurzada_0111
2018-06-18 21:23:27
Биздин примьер мезгилден артта калганбы же алдыга чыгып кеткенби? Кыскасы бир мезгилде эмес экенбиз
+1
Nanei
2018-06-18 21:29:32
Жай ортолойун дер калдыго
+1
Asyl.jazi
2018-06-18 22:01:10
Президенти, премьери, депутаты дагы, жепжутаты дагы таанышканы менен эч нерсе кылышпайт
+1
salimbek87.kg
2018-06-18 23:25:08
Жазгы талаа иштерин койсун аны дыйкандар өздөрү билет . Бизге чек араны тактап берсин
+1
Дарыгер
2018-06-19 00:09:50
Кой день эрте барып алыптыр да. Шашып. Кичине уктап барсаныз болмок. Орук бышканда Бир жолу. Эми премьер Бекер да. Эл козуно для отчёта дегендер журот да айланып курсагын кампайтып)))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан