Биз социалдык тармакта

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата жаңы китептерди басып чыгарууга 5 жарым миллион сом сарпталат

Кыргыз улуттук тил жана адабият академиясы адабият классиги Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жаңы китептерди басып чыгарууга 5 миллион 500 миң сом сарптайт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.

Белгилүү болгондой, жогорудагы сумма Чыңгыз Айтматовго арналган "Манастай айкөл" 2 томдон турган ырлар жыйнагын басып чыгарууга жумшалат. Ошондой эле залкар жазуучунун чыгармаларын кыргыз тилинде (3 томдон турган) жана орус тилинде (5 томдон турган) изилденген китептерди чыгарууга сарпталат. Ар бир китеп миң нускада чыгарылары айтылат маалыматта.

Ал эми 1 миллион сом 1 миң 200 экземпляр "Чыңгыз Айтматов" энциклопедиясын жана 500 экземпляр альбом чыгарууга жумшалат. "Айтматов жана бүткүл дүйнөлүк руханий маданият" жыйнагы жана эл аралык симпозиумду өткөрүү үчүн 500 миң сом каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nanei
2018-06-19 09:08:06
Кереги эмне маараке откоруп,5млн сом коротуп. Акча коп болсо оорудан кыйналып жаткан адамдарга болуп берсин. Откондо куйуктон кыйналып жаткан бацкенин аялы элден жардам сурап жатты эле,ошого берсин
+2
Muratmipa
2018-06-19 10:59:27
Ошону айтсан азыр эчким китеп окубайт телефондон эле окуп алат бекер эле ысырап . Ысырап бул озу арам болот
0
bond02
2018-06-19 11:04:09
Биздикилер а дегенде эле миллиондон суйлоп калышкан го.
0
Matahara1980
2018-06-19 16:42:12
Анын да жарымын жеп коюшатда ортодон
0
Asyl.jazi
2018-06-19 23:44:15
Чыгарышынча чыгарат дагы олконун эн байлары болгон мугалимдерге зордоп сатышат. Сага айлык толоп жатабыз деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан