Премьер-министр Лейлек районундагы селден жабыркаган турак үйлөрдүн абалы менен таанышты

Кечээ, 18-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун Лейлек районунда сел каптаган турак үйлөрдүн абалы менен таанышып, жапа чеккендер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов ушул жылдын 13-майында Чимген айылында болгон сел каптоонун кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен тааныштырды. Анын айтымында, учурда жолдорду жана социалдык объектилерди, чарбалык маанидеги имараттарды тазалоо иштери жүрүп жатат. Аны менен бирге мында селден жабыркаган көпүрөнүн дамбасында оңдоо иштерин жүргүзүү зарыл.

Абылгазиев калыбына келтирүү иштерин ыкчам тартипте аяктап, калктуу жерлерди өзгөчө кырдаалдардан сактоо жана алдын алуу чараларын көрүүнү милдеттендирди.

"Суунун деңгээли көтөрүлүү коркунучу бар райондордо туруктуу негизде мониторинг жасоо керек. Тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жээктерди бекемдөө иштерине дыкат көңүл буруулары шарт. Азыркы түзүлгөн жагдайда болуп өткөн жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу маселелерин ыкчам чечүү керек", - деди ал.

Калган айылындагы селдин натыйжасында жапа чеккендер менен жолугушууда премьер-министр өкмөт жерлерди трансформациялоо маселесин чечерин баса белгиледи. "Аймактардын жашоочулары турак жайды камсыздандыруу канчалык маанилүү жана зарыл экенин түшүнүүлөрү керек. Бул табигый кырсыктардын кесепетинен жабыркаган турак үйлөрдү калыбына келтирүүдө жардам берет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул маселеде калк менен кыйла активдүү иштөөсү кажет", - деп белгиледи Абылгазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kg.nurik
2018-06-19 09:00:20
акимдер только тазаланган айылдарга алып бардыда кара суу лейлек айылдарында ички чарбалык жолдор тазаланган эмес элдер уйлоруно жоо журуп барууда автоунааларын алыска коюп кара мойнок жайлоосуна кечее куну жол.жабылган мына ушул жерлерге барбайт беле . аким айыл окмоттор дагы деле коргозмого иштоодо
+3
ashamkan
2018-06-19 09:02:30
М.Абылгазиевге рахмат бардык озгочо кырдаалда жеринен барып таанышып атат
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан