Вице-премьер Чүй облусунун бир катар билим берүү мекемелеринин иши менен таанышты

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Чүй облусу боюнча жумушчу сапарынын жүрүшүндө Новониколаевка айылындагы Новониколаевск инновациялык орто мектеп-гимназиясына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр мектептердин долбоордук кубаттуулугун текши пайдалануу зарылдыгына токтолду. Бир мектепте орун жетишсиз болуп, ал эми башкаларында орун ашып калгандай болбошу керектигин айтты.

Мындан тышкары Өмүрбекова учурда авариялык абалда жабылып турган Кара-Балта шаарындагы "Манас" спорт комплексинин жабык бассейнин көрүп чыкты.

Кара-Балта шаарынын тургундары вице-премьер-министр менен жолугушууга келип, аталган бассейндин жалпы Чүй облусу үчүн маанилүүлүгүн, анда ар кыл мелдештердин жеңүүчүлөрү болгон балдар алектенишерин белгилешти. Алар бассейнди тез арада оңдоп берүүнү өтүнүштү.

Бассейнди оңдоонун жалпы наркы болжол менен 50 миллион сомду түзөт. Бассейндин ичин жана шыбын оңдоо үчүн 10 миллион сом талап кылынат.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова аталган объектти баскычтуу каржылоо маселеси караларын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан