Улуттук банкта эмгектенген бардык кызматкерлер смартфон телефон колдонбойт. Мындай маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул иш аракет 2017-жылы Улуттук банктын жашыруун маалыматтарынын жайылып кетишин алдын алуу максатында киргизилген.
“Бул аракет маалыматтык коопсуздук тартибин камсыздоого багытталат. Тагыраак айтканда, маалыматты коргоону камсыздоо үчүн киргизилген. Улуттук банктын кызматкерлеринин кызматтык максатта колдонуусу үчүн жөнөкөй баскычы бар sms билдирүүчү функциясы менен телефондор каралган. Улуттук банктын аймагында кызматкерлердин смартфонду колдонуусуна, кызматтык милдеттерди аткарууга байланышкан учурларда гана уруксат берилет”, - деп жазылат билдирүүдө.