Вице-мэр: "Шаарыбыз анча чоң болбогону менен кырсыктар көп катталууда"

Бишкек мэриясы жол кырсыгын азайтуу үчүн кандай аракеттерди көрүп жатканын бүгүн, 19-июнда Бишкек шаарынын калаа башчысынын орун басары Геннадий Милицкий тегерек столдо сүйлөп жатып айтты.
"Жол коопсуздугун камсыздоо үчүн шаар мэриясы бүт аракетин көрүүдө. Учурда борбордо 500 миңге жакын унаа катталган. Шаарыбыз чоң болбогону менен кырсыктар көп катталууда. Мындан улам жол кырсыктарын азайтуу үчүн техникалык жактан бир катар аракеттерди көрүүдөбүз. Быйыл шаардын көчөлөрүнө 25 жол чырак орнотулат. Бүгүнкү күндө алардын 13ү коюлду. Мектептер жайгашкан жерлерге сентябрь айынан баштап жаңыдан белгилер коюлуп, унаалардын өтүүсүн акырындатуучу (антиполиция) дөңчөлөр орнотулат. Жол белгилерин жыл сайын көбөйтүп жатабыз. Өткөн жылы 2 миң 500 белги орнотулган. Ал эми мурдагы Совет көчөсүнүн айрым бөлүктөрүнө видеокөзөмөлдөр коюлду. Алар жакынкы арада ишке кирет", - дейт Милицкий.

Ошондой эле Геннадий Милицкий август айында 52 троллейбус толугу менен келип бүтөрүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан