Парламентке Болотбек Ибраимжановдун ордуна Тариэл Жоробеков депутат болуп келет

Жогорку Кеңешке Тариэл Жоробеков депутат болуп келет. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда SUPER.KG порталына БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Маалыматка караганда, Тариэл Жоробеков 13-июнда Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалган Болотбек Ибраимжановдун ордуна депутат болуп келет.

"Бизге тийиштүү документтер келип түштү. Мыйзамга ылайык, мандат тизме боюнча кийинки талапкер Тариэл Жоробековго тапшырылат. Жоробеков буга чейин Талас районундагы Долоно айыл аймагынын башчысы болуп эмгектенип келген", - деди БШКнын төрайымынын орун басары.

Бекматов каза болгон депутат Нурлан Кадыкеев тууралуу аталган комиссияга тийиштүү документтер түшө электигин, анын мандаты кимге берилери азырынча белгисиз экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан