2016-жылы Акыйкатчы институтуна 15 миңден ашуун жарандан арыз түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында акыйкатчы Кубат Оторбаев айтты.
Оторбаев билдиргендей, Акыйкатчы институтуна жарандар көбүнчө сот жана укук коргоо органдарына байланыштуу арыз жазышат.
"Аталган жылы 15 миң 238 адам Акыйкатчы институтуна арыз менен кайрылды. Мындан 8 миң 640 адамга оозеки кеңеш берилди. Мындай кайрылуулар 2015-жылга салыштырмалуу 3 миң 500гө көбөйгөн. Кайрылгандардын 70 пайызы сот жана укук коргоо органдарына байланыштуу нааразычылыктар менен арыз жазышкан. Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү 2016-жылы 1 миң 575 соттук отурумга катышып, мониторинг жүргүзгөн. Жеке өзүм да ал жылы 600дөн ашык адамды кабыл алдым", - деди Оторбаев.
Учурда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде акыйкатчы Кубат Оторбаев 2016-жылдагы адам укугунун абалы тууралуу баяндама жасоодо.