БШК Тариэл Жоробековго депутаттык мандат тапшырды

Борбордук шайлоо комиссиясы Тариэл Жоробековго депутаттык мандат тапшырды. Ал "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат болду. Жоробеков Болотбек Раимжановдун ордуна келди. Раимжанов 13-июнда Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалган.

"Эл өкүлү болуп келгенден кийин эл үчүн иштейбиз, алдыда жасай турган иштер көп", - деп билдирди Жоробеков SUPER.KG порталына.

Жоробеков буга чейин Талас районунун Долоно айыл аймагынын башчысы болуп эмгектенип келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан