Депутат акыйкатчынын "кыз ала качууга кыргызчылык да себеп болууда" деген сөзүн сынга алды

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев акыйкатчы Кубат Оторбаевдин баяндамасындагы "кыргызчылык" деген сөздү сынга алды.

Акыйкатчы өлкөдөгү кыз ала качуу маселесин айтып жатып "бул адам укугунун бузулушуна кыргызчылык да себеп болду" деп билдирди. Анын бул сөзүнө карата Исхак Масалиев пикир билдирип, "кыргызчылык" деген сөзүн кескин сынга алды. "Бизде "кыргызчылык" деген түшүнүк барбы? Ушул сөздү пайдаланганыңыз туура эмес. Мындай жерде "кыргызчылык" деп айтпаш керек. Эшикте сүйлөшүп жаткан болсок да макул эле", - деп айтты Масалиев.

Эл өкүлү бул сөз улутка карата кемсинтүү, басмырлоо экенин баса белгиледи.

Оторбаев кечирим сурап, кептин төркүнүн түшүндүрүп берүүгө аракет кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Salaf
2018-06-19 11:22:18
"Кыргызчылык" деген толлук түрдө өзүн, өлкөсүн жана улутун кемсинтүү болот.
+3
bekub1473kg
2018-06-19 11:35:49
Качан чечип койосунар кыз ала качууну малдай кылып жалдырап алатта кызды кийин каалаган жагына кет деп аны ким алат кайра
+4
bekub1473kg
2018-06-19 11:36:55
Ар бир уйдо кыз бар неге кыздарыбызды кордоп атабы же кыздар адам эмесеи
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан