Эркектерди кыз ала качууга түрткөн 3 себеп. Акыйкатчынын версиясы

Кыргыз өлкөсүндө жылына 45-50 миң үй-бүлө курулат. Бул тууралуу парламенттин тармактык комитетинин жыйынында акыйкатчы Кубат Оторбаев айтты.

Анын айтымында, жылына курулган үй-бүлөлөрдүн 20 пайызы ала качуу жолу менен түптөлөт.

"Ала качууга эркек тарабынан негизги 3 нерсе себеп болот. Алар: калың төлөөдөн качуу, кыздар менен таанышуудан тартынуу, кыздын ата-энесинин каршы болушу. Мындан башка да себептер бар. Ала качуу менен курулган 20 пайыз үй-бүлөлөрдүн 6 пайызы зордуктоо менен коштолгон. Кыз ала качуу окуялары шаарга салыштырмалуу айылдарда 2 эсе көп болот", - деди Оторбаев.

Учурда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде акыйкатчы Кубат Оторбаев 2016-жылдагы адам укугунун абалы тууралуу баяндама жасоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
States
2018-06-19 13:04:33
Ала качып алса калын толобойт деген тушунук жок
+24
pyeon hwa
2018-06-19 13:04:39
Туура айтыптыр себептерин, бирок ала качкандар калын тологон эмес болуп калабы? бул жагы туурамес го билерман башынан откондор ой болушсонор?!
+1
asylbekova
2018-06-19 13:19:46
pyeon hwa,Жок, тескерисинче ошо алып качкандар эки эселеп тушуп калат. Б.а ачуу басар анан калын берип калышат. Кобунчо кыз макул болбой койсо, алып качып алышат.
+8
tynara81
2018-06-19 16:07:25
pyeon hwa,ала качып алгандан кийин шарты болбосо төлөбөй жүрө беришет да. Же келин- күйөө өздөрү иштеп төлөшөт. Мени деле 15 жыл мурун ала качкан, кудалап алганга шарты жоктугунан. Калың төлөнгөн эмес ошол бойдон.
+2
nurbek56
2018-06-19 13:25:12
мисалы кыздын уйуно барып ата-энелер суйлошсо кыз жак калынды коп сурайт консо алат конбосо анан ала качышат кыз барып отуруп калганда бала жактагылар канча айтса кыз жактагылар мажбур болушат ошол учун кобунчо ала качышат.
+10
pyeon hwa
2018-06-19 13:29:15
nurbek56, тушунуктуу! Тартынчаак кыздар менен суйлошо албаган себеп деп ойлойм!
+2
Rasul94
2018-06-19 13:31:02
Ала качканда расход коп болот.а дегенде ачуу базар 50-60
2-досторго улак майда чуйдо.
3-женелер келишет аларга чоон кой.дасторкону.
Анан эртеси айылга тойчук ана расход.
Лучше кыздын ата энесине 200 наличка алып барсан кызын кийинтип алып чыгып берет. Анан нары жагы загс и жизнь начинается
+8
kutlibek
2018-06-19 14:39:31
Бизде деле Кыз узатууну женилдетип койгонубузда, Буга окшогон иштер Оз озунон жок болуп кетет эле.
+4
kutlibek
2018-06-19 14:40:20
Азыр уйлонуш учун кеминде 5-6 жыл Россияда эшектей иштеш керек.
+12
Romantik.
2018-06-19 15:02:25
kutlibek, эркекче
+6
Rasul94
2018-06-19 15:03:35
kutlibek,туптуура кеп айттын кошулам
+3
nuri1
2018-06-19 15:28:23
Конулу жок адамды кыйнап жашайсын дегендин озун кандай тушунсо болот.
0
Rasul94
2018-06-19 16:25:54
nuri1,суйуу жок дегени болсо керек да.Ата бабалар суйбой эле табышкан да .мына жок дегенде комментарий жазганга жарап атабыз го ошол адамдардын балдары
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан