Өлкөнүн аймактарында дарыгерлердин саны талаптагыдан 2 эсе аз, иштеп жаткан дарыгерлердин 70 пайыздан ашыгы пенсионерлер. Мындай маалыматты саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 19-июнда маалымат жыйын учурунда билдирди.
"Учурда бул маселени чечүү үчүн бюджеттик эсептен окуп бүткөн бүтүрүүчүлөрдү аймактарга жиберүү тууралуу пландар каралууда. Ошондой эле айыл жергесиндеги медицина кызматкерлеринин айлык маяналары ишинин натыйжасына карата көбөйтүлөт. Мына ушундай жол менен аймактардагы дарыгерлердин жетишсиздигин чечсе болот. Учурда аймактардагы дарыгерлердин орточо айлыгы - 12 миң сом", - деди министр.