"Иштамберди" алтын кенин иштетүү убактылуу токтотулду

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы "Иштамберди" алтын кенин иштетүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Экотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

"Учурда алтын кенин иштеткен компания убактылуу ишин токтотуп, бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди маалымат катчы.

Эске салсак, 12-июнда Чаткал районунун Терек-Сай айылынын тургундары "Иштамберди" кенинде экологиялык кырдаал жөнгө салынганга чейин кендин иштөөсүн токтотууну талап кылышкан. Мындан улам нааразычылыкка чыккандарды милиция кызматкерлери тосуп чыгып, ортодо пикир келишпестиктер жаралган. Окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБи Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Tokmokchu-1
2018-06-19 17:54:29
Соке Кытайдын адвокаты болуп алды, мыйзам бузган кытайлык компанияларга кылмыш ишин козгоонун ордуна, оз жарандарыбызга кылмыш ишин козгоп, камап.....

Эл ошондо акыйкаттыкты айтып чыгууга да укугу жокпу?!!

Соке, сен онолбос болдун!!!
+2
nuri1
2018-06-19 17:56:46
Сокеге ишенбейм.
+2
erlan2196
2018-06-19 18:01:56
Кендерди иштетпесек, кайра эле Кытайдан карызга акча алабыз.
-3
Tokmokchu-1
2018-06-19 20:03:00
erlan2196, Соке менен АШАнын созун суйлобочу!!!

Алар бут кендер иштеп жатканда да карыз алып келген, кен иштесе да, иштебесе да ала берет...

Бир жагынан ар бир кенди иштеткен кытай, канадалыктардан "доля" алып байлык курап жатат бийликтин башындагылар. Бир жагынан олчойтуп карыз алып, ошол акчанын бир болугун чонтокторуно согууда бийликтегилерин...

+2
Tokmokchu-1
2018-06-19 20:04:41
erlan2196, Ансыз да ошончо кен иштетилип жатат, элге пайдамы тийгени корунбойт... 200го чукул мектеп авариялык абалда, бийлик болсо кочмондор оюнун откоруу менен алек, ички койгойлор биринин устуно бири жыйылып турганда...

Озунун акчасын той-тамашага сапырып, мектептерди ондоо учун карыз алышат имиш...

Бул анык эле акмактык го, башка кантип атаса болот?!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан