Көпчүлүккө XXXTentacion деген каймана ат менен таанылган америкалык рэпер Жасей Дуэйн Онфройго белгисиз жарандар ок чыгарып, ал каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалым болгондой, окуя кечээ, 18-июнда Майамиде орун алган. Анда рэпер мотоцикл саткан дүкөндөн чыкканда белгисиз 2 жаран ага карата бир нече жолу ок чыгарган. Алган жаракатынан улам Жасей Дуэйн Онфрой оор абалда ооруканага жеткирилген. Бирок анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.
Учурда полиция кызматкерлери бул окуя боюнча изилдөө иштерин улантып жатат. Кылмышка шектүүлөр кызыл түстөгү беткап кийип, караңгылатылган унаа менен жүргөндүгү айтылган. Ошондой эле алар ок чыгаргандан кийин рэпердин сумкасын алып кетишкен. Полиция кылмыштын негизги максаты - тоноо болгон деп билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Жасей Дуэйн Онфрой 1998-жылы 23-январда АКШнын Флорида штатында төрөлгөн. Ал "Look at me" чыгармасы менен көпчүлүккө таанылган.