Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө "Бишкекте айдоочулар унаасын тротуар менен айдап калдыбы?" деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Видеодон жеңил унаанын бульвардын четиндеги тротуар менен айдап бара жатканын көрүүгө болот. Видеонун авторунун билдирүүсүнө караганда, айдоочунун мындай жоругун ал шаардагы Жаш Гвардия бульварынан жолуктурган.