Бишкек шаарындагы Эркиндик бульвары гүлдөр менен кооздолууда. Мэриянын маалыматына ылайык, түрдүү формадагы 50 жыгач вазондорго тигилген гүлдөр бульвардын Киев көчөсүнөн тартып Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгүнө орнотулат.
"Тагетес, петуния, сальвия, агератум жана башка миңден ашуун гүлдүн жыты жана кооздугу шаар тургундарынын ачык маанайда жүрүүсүнө өбөлгө болот. Ал эми Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине пирамида түрүндөгү конструкция орнотулуп, 970 даана вазонго отургузулган катарантус гүлдөрү менен кооздолду.
"Жашылдандыруу" ишканасы шаарды көрктөндүрүү иштерин улантууда. Жакын арада ишкананын ландшафттык дизайнерлери гүлдөрдөн куралган уникалдуу клумбаларды шаар тургундарына көрсөтүшөт", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле шаардык мэрия тургундарды калаага көрк тартуулаган гүлдөргө аяр мамиле жасоого чакырат.