Бишкекте борбордук үч көчө оңдоо үчүн жабылат

Капиталдык курулуш башкармалыгы Бишкек шаарында дагы 3 көчө оңдоп-түзөө иштери үчүн жабыла тургандыгын билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-июндан баштап оңдоо иштери башталат.

Анда Тоголок Молдо көчөсүнүн Жибек Жолу кең көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейинки бөлүгү, ал эми Манас кең көчөсүнүн Чүй көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки аралыгы жана Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн Масалиев көчөсүнөн Ажыбек баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт. Түзөтүү иштери Тоголок Молдо көчөсүндө 20-августта аяктаса, Манас көчөсүндө 30-июлда, Чыңгыз Айтматов көчөсүндө 30-августта аяктайт.

"Оңдоо иштеринде жолдорго асфальт төшөлүп, бордюрлар алмаштырылып, жол белгилери коюлат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан