"Өлкөдө тургундар арасында "Мен акысыз дарыланышым керек, анткени мен ушул өлкөнүн жаранымын" деген түшүнүк бар, бул туура эмес", - деген пикирин Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Осмон Масалиев Кореядагы Саламаттыкты сактоо системи тууралуу айтып берип жатып билдирди. Ошондой эле Масалиев Кореяга барып дарылануунун жол-жобосуна тиешелүү суроолорго жооп берди.
– Түштүк Корея Республикасы менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда саламаттыкты сактоо тармагында келишим барбы?
– Корея өлкөсү менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу тууралуу меморандум 2016-жылы түзүлгөн. Анын алкагында 2 өлкө ортосунда дарыгерлердин тажрыйбасын арттыруу, жаңы жоболорду, ыкмаларды колдонуу, медициналык илимий иш-чараларга катышуу жана башка көптөгөн пункттар бар.
– Эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармактарында кандай айырмачылыктар бар?
– Корея Республикасындагы саламаттыкты сактоо системи Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо системинен таптакыр башкача өңүттө иш алып барат. Ал жакта оорукана, бейтапканалардын 99 пайызы камсыздандыруу компанияларына өткөн. Өкмөттүн карамагында бир дагы медициналык мекеме жок.
– Корея өкмөтү Кыргыз жарандарына дарылануу үчүн гранттык квота караганбы? Ага кантип кабыл алынса болот?
– Жок, Түштүк Корея өкмөтү башка өлкөнүн жарандарын өкмөт тарабынан дарылай албайт. Аларда мамлекеттин казынасынан кайсы бир оорукананын дары-дармеги, курулушу, оңдоп-түзөөсү үчүн каражат каралбайт. Мисалы, бизде элге медициналык кызмат көрсөтүү акысыз, бюджеттик негизде жүргүзүлүш керек, анткени мен анын жаранымын деп түшүнөт. Бул туура эмес. Корея Республикасы бул түшүнүктөн арылган, ар бир жаранга милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна төлөмдөрдү үзгүлтүксүз төлөө жакшы жайылган. Анын негизинде ооруканалар каржыланат, жарандарга акысыз түрдө эң жогорку деңгээлде дарылануу жүргүзүлөт. Ким медициналык милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөбөсө, ал медициналык кызмат үчүн акы төлөйт. Буга байланыштуу Корея Республикасы башка өлкөлөрдүн жарандарына акысыз дарыланууга квота бере албайт. Анткени аларда мамлекеттик ооруканалар жок.
– Өз каражатым менен дарыланып келсем болобу?
– Түштүк Кореяда дарыланып келүү үчүн өз каражаты менен кетсе болот. Бейтап Кыргыз жеринде текшерүүдөн өткөн оорукананын дарыгери анын оорусу тууралуу аныктама жазып бергенден кийин бизге, министрликке келсе Түштүк Корея Республикасындагы бейтапканалар тууралуу маалыматтарды бере алабыз.
– Өз каражаты менен дарыланып келүү арзан болбосо керек?
– Албетте, арзан түшпөйт. Бейтаптын оорусуна, дарылануу процедураларына ылайык акчасы чечилет. Алардын клиникаларынын медициналык кызмат көрсөтүүсү биздин жөнөкөй жарандардын капчыгы үчүн арзан эмес, жол акысы да бар. Орто эсеп менен 10 миң доллардан жогору болгон акча кетип калышы мүмкүн.
Эки өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрликтеринин ортосунда жарандарды акысыз дарылоо каралбаганы менен, Кыргыз мамлекетиндеги улуттук "Кызыл Ай коому" аталган өлкөдөгү медициналык борборлордун бири менен келишим түзүп, анын негизинде өлкөдөгү жүрөк кемтигинен, жүрөк ооруларынан жабыркаган балдарга операция жасатып келет. Коомдун маалымат катчысы Бегимай Асанованын айтымында, мындай долбоор 2010-жылдан бери иштейт.
– Долбоорго балдар кандай негизде тандалат?
– Балдардын оорусун, жашын жана негизинен анын үй-бүлөсүнүн абалын Корея тарап карап чыгып, жылына 5 же 6 баланы кабыл алат. Эң башкысы, баласына операция жасатууга каражаты жок үй-бүлөлөр тандалып алынат. Бул жылга карата Корея канча балага операция жасай турганы айтыла элек, учурда биз алардын билдирүүсүн күтүп жатабыз.
– Буга чейин канча балага операция жасалды жана алардын абалы кандай?
– 2010-жылдан бери Түштүк Кореядагы медициналык борбор жүрөк кемтиги менен төрөлгөн 41 балага операция жасады. Анын баары ийгиликтүү өтүп, балдардын баарынын абалы жакшы.
– Долбоор аркылуу дарылатуу үчүн жаран эмне кылыш керек?
– Кыргыз Республикасындагы улуттук "Кызыл Ай коомуна" оорусунун аныктамасы, документтери менен кайрылыш керек. Коомдун, Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим-изилдөө институтунун өкүлдөрү бардык жагдайларды карап чыгып, Корея тарапка сунуш киргизет.
Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим-изилдөө институту Түштүк Кореяга алып барып операция жасатуу үчүн Корея тарап ар бир балага 30 миң доллардын тегерегинде каражат которуларын билдиришти. Алардын айтымында, Корея тарап менен сүйлөшүп, Кыргыз жергесинде эле ошол операцияны жүргүзүү жолдору сүйлөшүлгөн. Мындай сунуш кабыл алынса Түштүк Корея өлкөсүнөн дарыгерлер келип, Кыргыз өлкөсүндө эле операция жасалат.