Дүйнө жүзүндөгү эң кары орангутан уктатып өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Австралияда дүйнө жүзүндөгү эң кары 62 жаштагы суматрандык орангутан уктатып өлтүрүлдү. Пуан атка конгон ургаачы орангутанды карылыктын айынан пайда болгон ар кандай илдеттерден улам уктатып өлтүрүүгө мажбур болушкан.
Перт зоопаркынын кызматкерлери Пуанды "улуу кемпир" деп аташып, ага 1968-жылдан бери кам көрүп келишкен. Ал өзүнүн артына 54 тукум калтырган. Ал дүйнө жүзүндөгү эң кары орангутан деп табылгандыгы тууралуу маалымат "Гиннесстин рекорддор китебинде" сакталган.
Жапайы жаратылыш дүйнөлүк фондунун маалыматына таянсак, жер жүзүндө 14 миң суматрандык орангутан калган. Жапайы жаратылышта алар 50 жашка чейин жашашат.