Бүгүн, 5-майда болжолдуу саат 14:16да Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Баястан, Ажек, Ызар, Кара-Үңкүр айылдарында 3 балл, Ала-Бука, Ак-Коргон Достук айылдарында жана Чаткал районунун Сумсар айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала билдирүүлөр боюнча жердин силкинүүсүнөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.