Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (каржы полициясы) аймактык бөлүмдөрүнөн 6 ай ичинде өлкө казынасына 588 миллион 461 миң сом түшкөн. Мындай маалыматты аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Ошондой эле Каржы полициясы салык төлөөдөн качкандарга карата кылмыш ишин козгоп, тиешелүү чаралардын негизинде иликтөө иштери жүрүп жатканын айтат.
“Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы ушул жылдын 8-февралында Коопсуздук кеңеши тарабынан “Кыргыз Республикасынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” кабыл алынган чечимди ишке ашырат”, - деп жазылат билдирүүдө.
Эске салсак, Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган чечим коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоого, укук коргоо системинин коопсуздугун жана туура иштешин камсыз кылууга багытталган.