Жайкысын тамак-аштан уулануу көп болот, жарандар тамак-аштын сакталуу мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруусу керек. Мындай маалыматты Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш жана гигиена бөлүмүнүн башчысы Мамататхалил Мурзашов маалымат жыйын учурунда айтты.
Ошондой эле ал эгер жарандардан коомдук тамактануучу жайлардын үстүнөн арыз түшсө, анда ал жай дароо текшерүүгө алынарын кошумчалады.
"Мыйзам боюнча биз коомдук тамактануучу жайларды жылына бир жолу текшерип турабыз. Эгер жарандардан бузулган тамактар боюнча арыз түшсө, анда дароо текшерүүгө алынып, чара көрүлөт. Жай мезгилинде уулануулар көп болушу мүмкүн. Буга тамак-аш эле эмес, жайкысын ичеги-карын ооруларынын күчөшү да себеп болот. Жарандар өздүк гигиенаны сактоо менен уулануунун алдын алат. Ошондой эле жарандар тамак-аштын, азык-түлүктөрдүн сактоо мөөнөтүнө көңүл буруусу керек", - деди Мурзашов.
Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" ресторанында өткөн үлпөт тойдогу тамак-ашка 234 жаран ууланганы кабарланган. Массалык түрдө ууланууга жол берген "Ала-Тоо" рестораны убактылуу жабылып, жетекчилерине 25 миң сом айып салынган.