Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 362 бейтап дарыланууда, алардын 294ү балдар

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 362 бейтап стационардык дарылануудан өтүүдө. Алардын арасында 294 бала бар. Мындай маалыматты аталган оорукананын дарыгери Нургүл Молдалиева маалымат жыйын учурунда айтты.

Анын билдирүүсүнө караганда, жайкысын жугуштуу оорулар күчөшү мүмкүн.

"Көптөгөн жугуштуу оорулар аба аркылуу тарайт. Мындан сырткары тамак-аштан ууланып калбоо үчүн анын тазалыгына көңүл буруу керек. Учурда бизде дарыланып жаткан бейтаптар ар кайсы бөлүмдөрдө жатышат, мындан улам оорукананын ичинде жугуштуу оорулардын жайылып кетиши алдын алынган. Ошондой эле 16 жашка чейинки балдар өзүнчө жатып дарыланышат", - деди дарыгер.

Ошондой эле ал ооруканага бейтаптар көп кайрылган учурда кээ бирин коридорго чейин жайгаштырган учурлар боло тургандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Munar92
2018-06-20 22:11:23
Ээ менин балам 4 жаш кусуп эле атат дисоль церукал куйдурдук болбойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан