2 баласы тең бирдей оорудан жабыркаган энеге кайрымдуу адамдар колдоо көрсөтүп, түтүк аркылуу дем алган кызына жаңы аппарат сатып беришти

Эки баласы тең бирдей оорудан жабыркаган Гулина Сулаймановага кайрымдуу адамдар колдоо көрсөтүп, түтүк аркылуу дем алган кызына жаңы аппарат сатып беришти. Мындай маалыматты “Аалам нур” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Венера Асанова SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, аппарат алып берген адам өзүнүн атын атагысы келген эмес. Андан сырткары көп адам акчалай жардам берген.

Атын атагысы келбеген, Орусияда эмгектенген Ноокат районунун Төөлөс айылынын тургуну өзүнүн чөнтөгүнөн 100 миң сомдук аппаратты сатып берди. Ал аны Орусиядан жөнөтүп жиберген. Аппарат келип азыр Гулина балдарын таза абага алып чыгып калды. Мындан сырткары көптөгөн кайрымдуу адамдар акчалай жардам көрсөтүштү, чогулган акчалар балдардын ден соолугуна сарпталат”, - деди Венера Асанова.

Мындан бир нече убакыт мурун эки баланын энеси Гулина Сулайманова коомчулуктан жардам сурап SUPER.KG порталына кайрылган. Анын 5 жашар кызы жана 4 жашар уулу экөө тең жүлүндүн тубаса начар иштеши, булчуңдардын алсыздыгы менен жабыркап келишкенин кабарлаган эле. Балдардын атасы Орусияда эмгектенип, тапкан акчасын дары-дармекке сарптап келсе, энеси балдарынын оорусунан улам алардын жанынан алыс чыга албайт.

Кызы түтүкчө менен дем алгандыктан аны атайын аппараттын жардамы менен тазалап келген. Бирок түтүкчөнү тазалаган аппарат бузулуп калып, кызы дем ала албай кыйналып жаткандыгын билдирген. Жаңы аппарат сатып алуу үчүн 300 миң сомдон ашык каражат керек болуп, бирок мындай каражат жаш үй-бүлөдө жок болгондуктан алар коомчулуктан жардам сурап кайрылышкан.

Гулина Сулайманованын кайрылуусуна көпчүлүк көңүл буруп, кайрымдуу адамдар колдоо көрсөтүшкөн. Учурда ал балдарын таза абага алып чыгып жатканын айтып, ошондой эле жардам берген мекендештерге ыраазычылыгын билдирди.

Ар бир ата эне өзүнүн баласына жакшы жашоо, бактылуу келечек каалайт эмеспи. Ошол себептүү биз да өз кызыбыздын жашоосу үчүн күрөшүп, жардам сурап кайрылдык эле. Биздин үй-бүлөгө түшкөн оор күндө ар бириңиздер кайдыгер карабай колуңуздардан келген жардамыңыздарды бергениңиздер үчүн биз чексиз ыраазы болдук. Тез арада 100 миң сомдон ашык акча топтолуп, ошондой эле аппарат алынат деп күткөн эмеспиз.

Жараткан ар бириңиздердин кылган сооп иштериңиздерди кабыл кылып, ошого жараша сообун аласыздар деп ишенемин. Биз ушул күнгө чейин балдарыбыздын оорусу мене өзүбүз күрөшүп келгенбиз. Көрсө, биз жалгыз эмес экенбиз. Биздин кайгыбызды тең бөлүшүп, колдоп кетчү элибиз бар экен”, - деди Гулина Сулайманова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maks94.kb
2018-06-20 20:52:43
Эн соонун жанылык
Бобоктор айыгып кетишсиндер
Кыргыз элим ушунтип эле бири бирибизди колдоп журо берейли
+12
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан