"Кыргызстан" фракциясынан депутат Таалайбек Масабиров Мамлекеттик бажы кызматына тергөө жүргүзүү укугун кайтарып берүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бажы кызматы мурда аткезчилик менен келген товарларды кармалгандан кийин тергөө амалдарын өткөрүү боюнча иш алып барчу. Өкмөт жыйынга келсе тергөө иштерин жүргүзүүнү аталган кызматка кайтарып берүү сунушун айтабыз", - деди ал.
Ошону менен катар эле эл өкүлү мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбековго аткезчилик дегенди туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады. "Аткезчилик дегенде ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден келген товар деген түшүнүк пайда болуптур. Мыйзамсыз өткөн товар деп айтсаңыз", - деди депутат.