Депутат Ормонов: "Бажы төлөмүн төлөбөй ар кандай жол менен өтүп кеткен учурлар болсо, тийиштүү бажы кызматкеринин жоопкерчилиги каралышы керек"

"Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качып, ар кандай жол менен өтүп кеткен учурлар болсо, ага тиешелүү болгон бажы кызматынын кызматкеринин жоопкерчилиги каралышы керек", - деп бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Бир Бол" фракциясынан депутат Улугбек Ормонов билдирди.

Жогорку Кеңеште "Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбековдун айтымында, азыркы учурда актуалдуу көйгөйлөрдүн бири бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу болууда. "Мындай көрүнүш өлкөнүн экономикалык коопсуздугуна олуттуу зыянын келтирүүдө. Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуунун негизги ыкмасы төлөө милдеттерин аткарбоо же бажы төлөмдөрүнүн суммаларын төмөндөтүү жолу менен, товарлардын белгиленген өтүү тартибин бурмалоо, же качуудан турат. Мыйзам долбоордун максаты бажы иши чөйрөсүндө мыйзамдарды бузууга мотивацияны төмөндөтүү жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүүгө багытталган жазык-укуктук чараларды арттыруу болуп саналат", - дейт Онолбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан