Канада марихуананы колдонууну мыйзамдаштырат

Канаданын сенаты өкмөттүн марихуананы колдонууга уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору добуш берүүгө коюлуп, 52 сенатор "макул" экендигин билдирген. Ал эми 29 сенатор марихуананы мыйзамдаштырууга "каршы" добуш беришкен. Мыйзам долбоору 8-12 жуманын ичинде күчүнө кирүүсү болжолдонууда.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо бул мыйзам тууралуу: "Биздин балдарыбыз үчүн марихуана табуу буга чейин өтө жеңил, жеткиликтүү болчу. А кылмышкерлер андан көп суммадагы акчаны оңой таап турушкан. Биз эми бул нерсени өзгөртөбүз”, - деп билдирген.

Буга чейин 2013-жылы мындай мыйзамды Уругвай кабыл алган. Ошондой эле Голландияда атайын дүкөндөрдөн марихуана сатып алууга мүмкүн. Дүкөндөрдө алкоголь сатууга тыюу салынган жана бир киши 5 граммдан ашуун марихуана сатып ала албайт. Мындан тышкары АКШнын бир нече штаттарында аталган затты медициналык максатта пайдаланууга уруксат берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Matahara1980
2018-06-20 13:43:30
Кандайча экинчи олко, а голандиячы? Там тоже же легально сатылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан