Эл аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаранга кыргыз паспорту мыйзамсыз берилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, министрликтин криминалдык милиция бөлүмү оор кылмышка шектелип издөөдө жүргөн жаранга паспорт Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан берилгенин аныктаган.
"2014-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак райондук бөлүмүнүн кызматкерлери ага эски үлгүдөгү паспорт берген. Кийин ал жаран 2017-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан жаңы үлгүдөгү паспорт алган. Криминалдык милиция кызматынын жүргүзгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында бул паспортту 1967-жылы туулган Тажикстан Республикасынын жараны Низомхон Жураев колдонуп жүргөнү белгилүү болгон. Ал өз мекенинде жүргөндө оор кылмыш жасаган деп эл аралык издөөдө жүргөн.
2017-жылдын аягында Жураев Украинадан Кыргыз паспорту менен кармалган", - деп жазылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, ИИМдин тергөө кызматы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.
Башкы прокуратура паспортту мыйзамсыз берген кызматкерлерге карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", “Кызматтык жасалмалоо”, “Кыргыз жаранынын паспортун мыйзамсыз берүү, ошого тете документке Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алууга алып келген атайын жалган маалыматтарды киргизүү” беренелеринин негизинде иш козгогон. Чет элдик жаранга паспортту мыйзамсыз бергенге шектүү катары ушул жылдын 18-июнунда Сузак районунун мамлекеттик каттоо кызматынын А.А. аттуу жараны кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.