Райымбек Матраимовду Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кетти деп басылмалар жазышууда. Буга байланыштуу бир тууганы Искендер Матраимов эмне дейт?

"Иним Райымбек Матраимов Кыргыз жеринде эле жүрөт" деп SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов билдирди.

Ал "Райымбек Матраимов качып кетти" деген сөздөр саясий оюн экенин айтты.

"Ушу саясатка эч түшүнбөйм, ар ким ар кандай маалыматты жазып жатат. Агасы катары айтайын, иним Кыргыз жеринде эле, Суусамыр өрөөнүндө. Инимдин кызматтан кеткенине 7 айдын жүзү болду, өз ишкердиги менен алектенүүдө. Инимдин жайына коюшса болмок, тынч жашасын", - деди Матраимов.

Буга чейин "Дело №" гезити Райымбек Матраимов 12-июнда "Манас" эл аралык аэропортунан Москвага учуп кеткенин жазып чыкты.

Айта кетсек, 2017-жылдын 23-ноябрында ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жарлыгы менен Райымбек Матраимов анын иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына дал келбегени үчүн кызматтан алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ilgizk
2018-06-20 15:06:38
Футбол көргөнү барып келсе керек да
+1
bekmirzach
2018-06-20 15:22:04
экспрезиденттин капчыгы болгон Раим миллион Атамбаевдин кол тийбестиги алынган күнү камалат. Бажыдагы мыйзамсыз иштердин башында Атамбаев туруп акчаны Раимдин колу аркылуу алып турган.
+2
bekmirzach
2018-06-20 15:41:34
А. Атамбаевдин досу Бекназаров маалымат каражаттарынын бирине Р. Матраимовду А. Атамбаев өзү Бажы кызматынын жетекчисинин орун басарлыгына чейин өстүрүп алып келгенин билдирген. «Мен ошондо эле айткам, Оштон жумуштан айдалган кишини бул жактан 400бү же 700 миңби алып туруп, кайра жөнөтүпсүң Кулматов экөөү. Бул эмне кылганың деп айткам. Ошентип Оштон алып келип көтөрүп, орун басар кылып сактап жүрүп, эми кыйкырып атканын мен түшүнгөн жокмун.
+1
tnz
2018-06-20 15:50:19
Райымбек качып кай жака барат болду экен келе турган жери Кыргызстан болгондон кийин келет баарибир.
+1
bekmirzach
2018-06-20 17:34:20
А. Атамбаев өзү Р. Матраимовду Оштон алып келип, мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары кылып атат. Анан аны болушунча пайдаланып туруп, качан гана президенттик мөөнөтү аяктап баратканда «менден кийинки президентке да «кошелек» болуп кетпесин» деген ой менен кызматынан алдырып атат. Болгондо да уйкудан жаңы ойгонгонсуп, «Райым-миллиондун айынан бюджетке 10 млрд сом түшпөй калыптыр» дейт. Эми ушул айтканын ал далилдеши керек.
+3
Miroslav
2018-06-20 19:45:24
Сокенин башы ман болуп турат азыркы кезде.Камай албайт Раимди себеби призиденттик шайлоодо Сокеге Раим алып берген добуштун 80%туштуктон.Сокеге озу туулган Кара кулжа районуда аз добуш берген
+1
altyn7776
2018-06-20 20:59:54
Эми АШАнын ач,коздугундо чек жок экен, тооба. 10 миллиард сомду аныктап берсин, кантип тушпой калганын. 7 жыл унчукпай соруп келип, кетээрде итирендеп сам не гам, другим не дам деген саясатын кор. Убагында озу кошо жешпей мамлекетти ойлогондо мынча каражат бекер сапырылмак эмес.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан