Күйөөсү тарабынан сабалып, "Ак жүрөк" кризистик борборуна кайрылган келиндин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу "Ак жүрөк" кризистик борборунун негиздөөчүсү Дарика Асилбекова SUPER.KG порталына билдирди.
"Күйөөсү тарабынан сабалган келиндин абалы канааттандырарлык болуп, ооруканадан чыгарылды. Ага юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат", - дейт ал.
Эске салсак, өлкөнүн түштүк аймагы боюнча турмуштун оор кырдаалына кабылган кыз-келиндерди камкордукка алган "Ак жүрөк" кризистик борборунун негиздөөчүсү Дарика Асилбекова социалдык тармакка күйөөсү тарабынан сабалган аялдын денесинин сүрөттөрүн жарыялаган. Ал эми жабырлануучунун күйөөсүнө карата кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери улантылып жатканын Ош ОИИБи билдирди.