Жалал-Абад ОИИБи: "Каржы полициясы аныктаган 1,5 миллион сомдук мыйзам бузуу фактысына Токтогул райондук Жол кыймылынын кызматкерлеринин тиешеси жок"

Каржы полициясы аныктаган 1 миллион 500 миң сомдон ашык суммадагы мыйзам бузуу фактысына Токтогул райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышы жок. Мындай маалыматты бүгүн, 20-июнда Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан SUPER.KGꞌге кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Токтогул райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери 2017-жылдын жана 2018-жылдын 3 айына карата айып пулдун негизинде өндүрүлүүчү сумманын айырмасы чыкпаган соң, алар бул ишке укуктук баа берилүүсүн суранып Токтогул райондук прокуратурасына 12-майда кайрылышкан.

“2017-жылы жол эрежелерин бузган айдоочуларга карата 4 миң 79 административдик протокол түзүлүп, 1 миллион 750 миң сом айып салынган. Бирок мунун ичинен 1 миң 507 квитанциянын акчасы (581 миң сом) “Кыргыз почтасы” ишканасынын кассасына төгүлүп, 1 миллион 169 миң сом почтанын кассасына төгүлгөн эмес.

Ошондой эле 2018-жылдын 1-кварталында жол эрежелерин бузган айдоочуларга карата 1 миң 805 административдик протокол түзүлүп 765 миң сом айып салынган. Анын ичинен 974 квитанциянын акчасы (386 миң 200 сом) "Кыргыз почтасы" ишканасынын кассасына төгүлүп, 379 миң 400 сом ишкананын кассасына төгүлгөн эмес.

Натыйжада Токтогул райондук “Кыргыз почтасы“ мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз кыймыл-аракеттеринен улам өлкө казынасына 1 миллион 548 миң 400 сом зыян келтирилген. Кассага түшпөй калган акчалар кайда кеткени тууралуу маалымат жок, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин Каржы полициясы Токтогул районундагы "Кыргыз почтасы" ишканасы Токтогул райондук Жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн кызматкерлери менен биригип алып, административдик мыйзам бузуу катталган төрт миңдей протоколду жашырышкан. Натыйжада 1 жарым миллион сомдон ашык акча өлкө казынасына түшкөн эмес деген билдирүү тараган. Бул факт боюнча Токтогул райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу) жана 316-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан