Лейлекте 9 айлык ымыркай дагарадагы сууга тумчугуп чарчап калды
Баткен облусунун Лейлек районунда ымыркай дагарадагы сууга түшүп кетип тумчугуп калды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 19-июнь күнү Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу Айкөл айылында болгон.
"35 жаштагы Т.А. аттуу келин 9 айлык ымыркайын жуунтуп жатып, суу калбай калган. Ал суу алып келе коюу үчүн баласын жалгыз калтырып чуркап кеткен. Ошол учурда бала дагарадагы сууга тумчугуп, анын кесепетинен ымыркай чарчап калган.
Учурда бул окуя боюнча Лейлек РИИБи териштирүү иштерин жүргүзүп жатат", - деди маалымат катчы.