Дубайда кымбат мүлккө ээлик кылат делген 13 Кыргыз жараны боюнча финансылык чалгындоо кызматы иликтөө жүргүзөт

Дубайдагы элиталык үйлөргө бир нече Кыргыз жаранынын ээлик кылышы тууралуу маалыматты Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы иликтейт. Бул тууралуу бүгүн, 20-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко финансылык чалгындоо кызматынын башчысы Айбек Кадыралиевден Дубайда кыймылсыз мүлктөргө ээлик кылган Кыргыз жарандары жөнүндө сурады. "Дубайдагы элиталык үйлөргө ээлик кылган Кыргыз жарандарынын арасында таанымал саясатчылар, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана башчылары, ишкерлер бар экен. Мындан кабарыңыз барбы?" - деп сурады Никитенко Кадыралиевден. Ошондой эле ал аталган маалыматтарды иликтөө зарылдыгын айтты.

Айбек Кадыралиев бул маселенин үстүндө иш алып барууга даяр экенин билдирди. "Биз Бириккен Араб Эмиратына жогорудагы фактылар боюнча кеңири маалымат сурап расмий кат жолдойбуз", - деди ал.

Эске салсак, буга чейин эл аралык иликтөө борбору баяндама жарыялаган. Анда Бириккен Араб Эмиратында кымбат баалуу мүлктөргө ээ болгон адамдардын 12си Кыргыз жараны экендиги айтылган. Андан сырткары уюшкан кылмыштуу топтун башчысы Камчы Көлбаевдин да мүлкү бар экендиги белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rifle_I
2018-06-20 21:07:13
Дубайды коюп Бишкектин ичиндегилерди текшерип алгылачы.
+3
Kaary
2018-06-21 02:18:02
Ушуларга төктүрүш керек тышкы карызды :).

А эмне болуптур? Садака 70 балээден кайтарат!
+2
Birimdik5555
2018-06-21 10:01:09
Ооба туура текшеруу керек,ал акчасы асман чапчыган уйлорду кайсы акчага алды,кимдер алды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан