Бийчи Максат Токтоналиев үлпөт тоюн өткөрдү. Эки жашка Кайрат Примбердиев менен Эльвира Примбердиева өкүл ата, өкүл апа болушту

Кыргыз шоу-бизнесинин дээрлик баарын бийлеткен "We’ll be" бий тобунун хореографы, бийчи Максат Токтоналиев сүйүктүүсү Азада менен бүгүн, 20-июнда үлпөт тоюн өткөрүп жатат. Жаш түгөйлөрдүн заманбап тою борбордогу ресторандардын биринде өтүп, ага Кыргыз шоу-бизнесинин, маданияттын көрүнүктүү өкүлдөрү жана эки жаштын жакын туугандары келишти. Тойдун алып баруучусу Рүстөм Аскеналиев болду.

Алгач Азаданы атасы залга алып кирип күйөө баласынын колуна тапшырды. Андан кийин эки жаш расмий түрдө никесин мыйзамдаштырып нике күбөлүгүн алышты.

Ал эми эки жашка өкүл ата, өкүл эне болуп шайланган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев жана анын жубайы Эльвира Примбердиева: "Ушундай акылдуу, ыймандуу уулдуу да, кыздуу да болуп жатканыбызга кубанып жатабыз. Максат менен Азада биздин экинчи өкүл балдарыбыз. Баары бир ар биринин өзүнүн орду болот тура. Биринчи жолу өкүл ата, өкүл апа болгондой эле толкунданып жатабыз. Бүгүнтөн баштап чоң жоопкерчиликти алдык. Балдарыбызга ар тараптуу колдоо берип, бапестеп алабыз", - деп кубанычтарын жашыра алган жок.

Тойдун күнөөкөрлөрү Максат менен Азада бүгүнкү той шоу менен коштолорун айтышты.

"Ак тоюбузга эң жакын туугандарыбыз менен досторубузду чакырып тар чөйрөдө өткөрөлү деп чечтик. Экөөбүз ушул күнгө 1 жылдан бери даярданганбыз. Чыгармачыл адам болгондуктан тоюбуз башкача форматта болсун деп сюрприздерди даярдык", - дейт Максат Токтоналиев. Ал эми жан шериктердин жанында жүрүп, жолдоштук милдетти ырчы Раяна жана Жонни аркалады.

Тойго келгендерге эки жаш поппури менен коштолгон ак бийин тартуулашты. Андан соң ырчы Бек Исраилов жана анын жубайы Айжаркын жан шериктерге арнап дуэт аткарышты. Аны улай көп кырдуу талант ээси Аско битбокс аткаруу менен элдин көңүлүн ачты.

Эске салсак, Максат Токтоналиев 19-февралда 2 жылдан ашуун убакыттан бери сүйлөшүп жүргөн сүйүктүүсүнүн колун сураган.

Бийчи Максат Токтоналиев Баткенден кыз алып, диско-той өткөрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Stervashka
2018-06-21 00:39:14
Бактылуу болгула!
+6
aza84
2018-06-21 01:44:32
Салкын жай деген кафе де болуптур
+3
Tatynakay
2018-06-22 12:18:50
aza84,салкын тор деп турат го.
+1
Zainidin96
2018-06-21 03:43:58
Бул брат мага окшогон арык да эч семире албай койдук го ушул бала екобуз))кармашкан колунар туболук болсун,бактылуу болгула.
+10
engel
2018-06-21 06:44:16
Zainidin96, уйлонуптур го эми точно толот! )) Бактылуу болгула!
+3
AzKumFerDan
2018-06-21 14:21:42
Zainidin96, уйлонгонундо семирип аласынар
+3
Shaa-82
2018-06-21 09:23:05
Экоода апаларына оло окшош экен. Бактылуу болушсун!
+4
Janyjol.86
2018-06-21 10:08:43
бул братишка озунчо эле колокодо турган маникенго ак сойо болуп
-2
Askerbaeva84
2018-06-21 13:14:12
Бактылуу болгула
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан