Баткенде сел жүрүп, унаа жолду жана турак үйлөрдү каптады

Баткен районунда катуу жааган жаандын кесепетинен сел өтүүчү сайдан суусу ашып Ош-Баткен-Исфана унаа жолун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда сел бүгүн, 20-июнда күндүзгү саат 15:30 чамасында катталган.

"Сайдан ашкан сел Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 280-чакырымын каптаган. Учурда жолдон оор жүк ташуучу унаалар өтүп жатат. Мындан сырткары Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылындагы Керме-Тоо тилкесинде 15 турак үйдүн жер тилкелерин да сел каптаган. Учурда кырсык болгон жерлерде тактоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук жарандык коргонуу комиссиясы жөнөп кетти", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
futboler
2018-06-20 21:54:04
Кудайым сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан