Кыргыз-Өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө бекетинде кызмат өтөгөн аскер кызматкери каза болду. Бул маалыматты Чек ара кызматы тастыктады.
Мекеменин билдирүүсүнө караганда, аскер кызматкери жүрөк оорусунан улам күтүүсүздөн көз жумган.
"Кызматкер 19-июндан 20сына караган түнү каза болгон. Маркум аскер кызматында келишимдик негизде кызмат өтөп келген. Учурда бул окуяга байланыштуу териштирүү иштери жүрүп жатат", - деди маалымат катчы.
Ошондой эле Чек ара кызматы каза болгон кызматкердин сөөгү бүгүн жерге берилгенин кошумчалады.