Бүгүн шаардык сот Канат Исаевдин иши боюнча чечим чыгарат

Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаардык сотунда депутат Канат Исаевдин соттук иши каралат. Буга чейин 12-июнда өткөн сот отурумунда айыпталуучу акыркы сөзүн айтып, тергөөчү туура эмес тергеген деп нааразычылыгын билдирген. Анда соттун чечими 21-июнда чыгары жарыяланган.

Эске салсак, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 4-январында Канат Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп 12 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салган. Анын жактоочулары соттун чечимине каршы экенин билдирип, шаардык сотко даттанышкан.

Канат Исаевге Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан