Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү

Кечээ, 20-июнда Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу тобунун кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйын президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиевдин жетекчилиги алдында өттү. Анда 2018-2020-жылдары шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясынын жана стратегиянын максаттарына жетүү боюнча иш-чаралардын планынын долбоорлору менен таанышып чыгышты. "Долбоорлор жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алынды. Жогоруда айтылган стратегиянын жана пландын долбоорлору 2018-жылдын 26-июнуна болжолдонгон коомдук диалогдун алкагында коомчулуктун талкуусуна сунуш кылынат. Коомдук диалогдун программасы да жумушчу топ тарабынан талкууланды жана жактырылды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан