"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Марлен Маматалиев күйүүчү майдын баасынын кымбатташы боюнча айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Күйүүчү майдын кымбатташынан азык-түлүктөрдүн, жол киренин баасы жогорулашы мүмкүн. Азыр эл кыйналып жатат. Өкмөт, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги тез арада тийиштүү иштерди жүргүзүшү керек. Азыркы учурда дүйнөлүк рынокто нефтинин баасы түштү", - деди депутат.