"Бишкек шаарындагы №1-стоматологиялык бейтапкана менен №1 "Тез жардам" борборунун унаа токтотуучу жайынын менчиктештирилип кетишин кылдат текшерип чыгып, тийиштүү чараларды көрүшү керек", - деп бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Аида Исмаилова билдирди.
Депутат №1-стоматологиялык бейтапкананы Медетов деген киши менчиктештирип алганын айтты. "Ага кимдер кайсы негизде жардам берген? Ал киши бейтапкананын аймагына 7 кабат имарат куруп алыптыр. Азыр "Тез жардам" борборунун автоунаалары бейтапкананын аймагында токтоп турууга аргасыз болушууда. Муну укук коргоо органдары текшериши керек. Социалдык объектилерди менчиктештирүүгө жол бербей турган мыйзамдар жетиштүү", - деди депутат.