Биз социалдык тармакта

Тамакка таштанды кошту деп видеосу тараган тартип сакчысы кызматтан алынды

Интернетке Боом капчыгайындагы ашканалардын биринде тамакка таштанды кошту деп видеосу тараган тартип сакчысы кызматтан алынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мындай чечим бул окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө аяктаган соң кабыл алынган. Иликтөөнүн жүрүшүндө анын тамакка таштанды кошпогону аныкталган. Бирок милициянын улук лейтенанты Бакыт Жукалаев кызматтык этиканы сактаган эмес жана мамлекеттик мекеменин беделине сөз тийгизген деген айып менен кызматтан алынган”, - деди маалымат катчы.

Эскерте кетсек, буга чейин Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө" "Тартип сакчысы эмне үчүн тамагына таштанды салды?" деген аталыштагы видео жүктөлгөн. Видеодон коомдук тамактануучу жайда отурган погончон адам өзүнүн тамагына кандайдыр бир нерсени салганын, андан кийин официантты чакырганын көрүүгө болот. Анын бул аракети кафедеги видеокөзөмөлгө түшүп калган.

Тамакка таштанды салып койду деп видеосу тараган тартип сакчысы кызматтан алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
bond0202
2018-06-21 11:19:43
аты жонун толук жазсанар жакшы болмок
+4
Sonya302712
2018-06-21 11:31:08
Дагы бир жолу окусаныз улук лейтенант Бакыт Жукалаев деп жазылып журот.
+3
Nanei
2018-06-21 11:34:12
bond0202,Бакыт жукалаев деп эле жазылып туратко
+3
Ermekbai
2018-06-21 11:21:38
Кызматтан алынды деген бул башка район башка бөлүмгө которулду деген эле сөз. Жазалоонун башка түрлөрү барго. Эмне үчүн ушул милиция кызматкерлери жазаланбайт штраф, ж.б
+15
evidens
2018-06-21 11:39:31
Ermekbai,туура айтасын
+4
Nurbollot
2018-06-21 11:23:36
Баарын бекер кылгысы келген го.жолго чыкса акча.тамак жесе бекер кылгысы келгенго
+4
Nanei
2018-06-21 11:31:40
Арам тамака конгон биздин милициялар,бир куну какай турган кун да келет
+5
Nanei
2018-06-21 11:33:42
Ой тобоо,элди ушунча келесоо деп ойлошобу??? Даана эле коруп турат ко видеодо тамагына бир нерсе салып жатканы,ой тобоо
+3
bekmirzach
2018-06-21 11:42:23
Буга окшогон тартипсиздик Атамбаевдин тушунда өтө күч алып өзүм билемдик ашынып кеткен. Атамбаев мамлекет башчысы катары ушундай көйгөйлүү маселелерге көңүл буруунун оордуна мамлекеттин акчасын щздүк кылып алуу жолдорун издөө менен алек болуптур. Анын кесепетин бүгүн тартып жатабыз.
+2
zhykyo
2018-06-21 11:45:13
Кинодон кордум эле ушундайды
+3
ruslanz
2018-06-21 11:46:54
Атамбаевдин учурунда баардык мамлекеттик кызматкерлер эл менен эсептешпей калган,элдин эсебинен жеп,ичип журо беребиз деп ойлошкон.
+2
Tokmokchu-1
2018-06-21 11:49:29
Эй Соке, мына сени тарткан сенин кызматкерлерин... Тамакты да жон жебей, бекер ичкиси келет догурунуп... Кочодо карапайым айдоочунун акчасын алса, тамактанса элге окшоп жон тамак ичпесе...

Эмне кылыш керек?!!

Качанга чейин кызматтан алынды деп элди алдайсынар?!! Бугун кызматтан бошосо, эртен-бурсугуну ГАИнин башка отделинде жумушка орношуп, кайра эле элди сыздатып жургон болот...

Ошолбу силердин саясатынар, бир-биринерди калкалайсынар го чиркин...
+6
ruslanz
2018-06-21 11:55:31
Tokmokchu-1, Акча бербей койдун деп атып салыш керекби? сизолор болсо корруп-ге толду.Жээнбековго кийин баа беребиз,азыр эрте.Менимче жакшы эле иштеп жатат.
-3
Tokmokchu-1
2018-06-21 12:17:22
ruslanz, мындай ..... бирини ИИМ кызматынан биротоло бошотуп, экинчи кайра органга иштоого тыю салып, анан 200 саат коомдук ишке чегерип кою туура болмок...

Акчадан башка эч нерсе козуно корунбой копкон неме, 1 ай кочо шыпырып, таштанды тазалап иштесе, акылы жайына келип, башкалардын эмгегин урматтоону уйронот...

Бул Гаишнигин Шурик катышкан "Напарник" киносундагы зоокурдон да бетер экен го.....
+2
Tokmokchu-1
2018-06-21 12:20:27
ruslanz, Жээнбековду мактабай кое тур,иагын кааласа кытайларга жер сатат, кааласа мыйзамсыз курулуш курган кытайлыктарды эмес, Тогуз Тороонун элин камайт, Чаткалдын элин камайт, алтын ондурууго нааразы болгондорду...

Кааласа 13 мин гектар мыйзамсыз сатылып кеткен сугат жерин мыйзамдуу дедиртип мыйзам чыгарып коет, ошол жер саткаедарды камап кустуруунун ордуна... Дагы санайынбы?!!
+3
ruslanz
2018-06-21 12:27:09
Tokmokchu-1,Жооп жазайын деп,кайра жазбай калдым, Жээнбеков сага келип жолуккудай тентушун беле,мына денгелибиз.Катуу тийсе кечирип кой.
-3
Tokmokchu-1
2018-06-21 13:28:10
ruslanz, 10 адам менен СИЗОлор коррупционерлерге толуп кеттиби?!!......
0
ruslanz
2018-06-21 14:06:05
Tokmokchu-1,"условно" айтып жатам.
0
tnz
2018-06-21 11:51:52
Ииийй Кудайым ай ушул кантип болсун бир тамакты толобой жейм деп ушунчалык уят болгон жакшы беле ай ай ай милиционерлер.Эми уйнордон эле тамактангыла баардык милиционерлер силерден коркуп деле калдыго эл.
+3
ruslanz
2018-06-21 11:58:10
tnz,Бир тамак эмес,булар конгон бекер тамак жеп.Бул билинип калганы.
+2
bond02
2018-06-21 12:09:30
Ошол кафеге официант кылып койсун эми ал ГАИни, иши жок ооруп калбасын.
+2
zhykyo
2018-06-21 12:12:40
bond02,ха кой болбой эле койсун ХХХХХХХХ
+1
Mularamov
2018-06-21 12:31:02
ошол куну сабашка аз болуп калса керекда
+2
gulzat85
2018-06-21 12:35:14
Ырас болот.кузсун жегенин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан