Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Руслан Казакбаев Кыргыз мамлекети "Google-салык" киргизиши керектигин билдирди.
"Көптөгөн ири компаниялар Фейсбук, Инстаграм өз товарларын жарнамалаганы үчүн чоӊ өлчөмдө акы төлөйт. Мисалы, ар университет Фейсбукка ай сайын 500 доллар өлчөмүндө акы төлөп турат. Биз дагы Кыргыз мамлекетинде "Google-салык" киргизишибиз керек, ошондо чоӊ киреше алабыз. Мындай салык Орусияда киргизилди. Окуу жайлары эле ушунча акы төлөп жатса, анда ири компаниялардын төлөмүн элестете бергиле. Айрым эксперттердин айтымында, андай мыйзам кабыл алынбагандыктан, биз 500 миллион сомдон 1 миллиард сомго чейин кирешени албай жатабыз. Ошондуктан биз Орусиянын тажрыйбасын колдонушубуз керек. Мындай салыкты киргизүү тейлөө кызматынын наркынын өсүшүнө алып келбейт", - деди депутат.