Сокулукта үйүндө баңгизат даярдалчу өсүмдүк өстүргөн жаран кармалды

Сокулук районунда үйүндө баңгизат даярдалчу өсүмдүктү өстүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, тыюу салынган өсүмдүктү өстүргөн жаран ушул жылдын 19-июнунда кармалган.

"Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам маалыматтын негизинде иликтөө иш-чарасын жүргүзүшүп, Сокулук районунун Романовка айылынын 55 жаштагы тургуну Г.К.нын үйүнүн короосунда өстүрүлгөн 208 түп баңгизат даярдалчу өсүмдүктү аныкташкан. Табылган өсүмдүктөр экспертизага жөнөтүлгөн. Учурда аталган факт боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kenje-888
2018-06-21 15:25:13
реклама кылып суроттун коргозуп койгонунар кантет?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан