Бишкекте оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу дагы бир нече көчө убактылуу жабылат

Бишкекте оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу бир нече көчө убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Бейшенбаев SUPER.KG'ге билдирди.

Берилген маалымат боюнча, 20-июндан тарта Тоголок Молдо көчөсүнүн Жибек Жолу кең көчөсүнөн тартып Баялинов көчөсүнө чейинки бөлүгү, Манас кең көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн Абсамат Масалиев көчөсүнөн тарта Ажыбек баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.

Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында асфальттар толугу менен алмаштырылып, жол четине тосмолор коюлат. Ошондой эле жол чийиндери түшүрүлүп, жол белгилери орнотулат. Оңдоп-түзөө 2018-жылдын 30-августуна чейин уланары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан