Араван районуна караштуу Нур-Абад айыл аймагындагы Фергана каналынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалым болгондой, маркумдун денесин суудан бүгүн, 21-июнда алып чыгышкан.
"Ош облусуна караштуу Араван районунун Нур-Абад айыл аймагындагы Фергана каналынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Маркумдун денесин суудан алып чыгуу үчүн жерине саат 09:18де 4 куткаруучу тартылган. Саат 09:50дө маркумдун жансыз денеси суудан чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген", - дейт маалымат кызматы.