Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңеште 20 депутаттын катышуусунда жыйын өтүп жатат. Ал эми каттоодон 76 депутат өткөн.
Жыйында КСДП фракциясынан 8, "Республика-Ата Журт" фракциясынан 4, "Кыргызстан" фракциясынан 2, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан 2, "Бир Бол" фракциясынан 1, "Ата Мекен" фракциясынан 2 депутат отурат. Ошондой эле жыйынга 1 эркин депутат катышууда.
"Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.
Бүгүн саат 11:00дө Жогорку Кеңеште каза болгон депутат Нурланбек Кадыкеевге куран окулуп жатканына байланыштуу саат 14:00гө чейин танапис жарыяланган.
Учурда жыйынга кирип-чыккан депутаттар бар.