Минск шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы парк ачылды

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын утурлай Минск шаарында жазуучунун аты коюлган парк ачылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, залкар жазуучунун ысымы ыйгарылган парктын аянты 19,6 гектарды түзөт. Анын 2,7 гектарын суу ээлейт.

"Кыргыздын Беларустагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен Минск шаарынын аткаруу комитетинин төрагасы Андрей Шорецтин жолугушуусу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө аталган паркка залкар жазуучунун эстелигин тургузуу маселеси да талкууланды. Демилге Беларустагы кыргыз элчилиги тарабынан көтөрүлүп, Минск шаардык кеңешинин атайын чечими менен ишке ашкан", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чаралар Өзбекстан, Казакстан, Түркия жана башка бир нече өлкөлөрдө өтөрү пландалууда. Ал эми эл аралык “Түрксой” уюму 2018-жылды Ч.Айтматов жылы деп жарыялаган.

Кыргыз калкынын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган. Кыргыз адабиятына, маданиятына опол тоодой салым кошкон жазуучу 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aima94
2018-06-21 15:54:57
Көзү барда кылыш керек. Өлгөндө не пайда? Өмүр бою аты калат өчпөй ошол да сүйүндүрөт
0
zhaku2017
2018-06-21 19:48:08
Эн сонун.
0
pixduel1
2018-06-22 10:52:51
Кайсы жермнде экен мен минсктемин коруп келмекмин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан