Атамбаевдин портрети: КСДП жана сүрөтчү чыр боюнча өз версияларын айтышууда
КСДП жана сүрөтчү Азамат Жаналиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мык жана жиптен жасалган портретинин айланасындагы чыр боюнча өз версияларын айтышууда.
КСДПныкы:
"Башында сүрөтчү портретти КСДПнын кеңсесине белек катары таштап кеткен. Бир нече жумадан кийин үй-бүлөлүк маселелерин айтып, "белегин" сатып алууну аябай суранган. Ошентип Икрамжан Илмиянов менен жолугушуп, Азамат Жаналиев 2,5 миң долларга абдан сүйүнүп, кошумча төлөм боюнча маселени көтөргөн эмес. Мунун күбөлөрү да бар.
Сүрөтчүнүн жалган айтканы аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз болушу мүмкүн. Эч кандай жазуу же кат түрүндө макулдашуулар болгон эмес. Азамат Жаналиев 2,5 миң долларды кайтарсын, портрет дароо авторуна берилет. Ага кошумча дагы бир экинчи окшош портрет берилет. Бул акчага "белекти" да сүрөтчү зордоп берген", - дейт партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева.
Сүрөтчүнүкү:
"Алмазбек Атамбаевдин эки сүрөтү бар болчу. Биринчисин, эскисин былтыр бергем, алар ыраазычылыгын айткан, ал сүрөткө эч кандай доом жок. Экинчиси - бул коллекциялык сүрөт эле. Аны Икрамжан Илмияновго башында берсем албай койгон, анан Дубайдан ханзаада Хамдан тарабынан мага чакыруу келгенде Илмиянов мени дароо чакырып, Атамбаевдин сүрөтүн арзан баага алып, шейх менен жолуккандан кийин берем деген.
Икрамжан Илмиянов менен кат түрүндө макулдашуулар жок. Бирок Дубайдагы сүрөттөрдү Илмиянов өз максатында колдонгону тууралуу фактылар бар. Негизинен шейх Хамдан мени чакырган. Менин ордума Икрамжан Илмиянов кирип өз долбоорун иштеткен.
КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева калп айтып жатат. Мен Икрамжан Илмиянов менен жолугушканда ал катышкан эмес, күбөлөр да болгон эмес.
УКМК адилеттүү, туура чечим чыгарат деген максатта арызымды бул органга бердим", - деди Жаналиев.
Айта кетсек, сүрөтчү Азамат Жаналиев Икрамжан Илмияновдун үстүнөн УКМКга арыз жазган. Ал 2017-жылы Илмиянов андан Атамбаевдин портретин 10 миң долларга сатып алып, 2 миң 500 долларды аванс катары берип, калганын бербей койгонун айткан.