Депутат Жамалдинов Фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишмердүүлүгүн карап чыгуу керектигин айтты

Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишмердүүлүгүн карап чыгуу керектигин айтты.

Жыйында Кыргыз-Орус өкмөтүнүн ортосундагы ЕАЭБге кошулуу алкагында Кыргыз мамлекетине техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралды.

Жамалдинов бүгүнкү күнгө чейин фитосанитардык лабораториялар иштебей жатканына нааразы болду. Ал Жогорку Кеңеш каникулдан келгенден кийин аталган инспекциянын ишмердүүлүгүн карап чыгуусу керектигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан